• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Билим берүү министрлигинин өкүлү кайрадан даярданып келүүгө жөнөтүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйында Билим берүү министрлигинин өкүлү суралууда. Ал берилген суроолордун баардыгына жооп бере алган эмес жана кайрадан даярданып келүүсү керектиги айтылды. Министрликтин өкүлүнө бир нече суроолор берилди, аларга кийинки отурумда жооп бериши керек болот.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий