• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Мурдагы министр Канат Садыков сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумда мурдагы Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти куруу боюнча көрсөтмө берүүдө.

“2014-жылы мен министр болчумун. Бөлүнгөн гранттык каражаттар тууралуу мен билем, анткени протоколдук жыйын өткөн. Эки мектеп курулуш керек эле, ошол себептен Ош жана Чүй облустарында эки мектеп куруу тууралуу тапшырма берилген. Кийинчерээк Чүй облусунда курула турчу мектеп боюнча маселе бөлөк чечиле тургандыгы тууралуу маалымат келди. Биз менен эч ким эч нерсени макулдашкан жок”, - деди Садыков.

Анын айтуусу боюнча, ошол кезде республика боюнча 400 мектеп жетишпей турган.

Садыков кошумчалагандай, министрлик курулуш менен алектенбейт, ал ошол мектептеги билимдин деңгээли менен сапатына жооп берет.

“Куруу үчүн өзүнчө Департамент түзүлгөн. Каражаттар эсепке түшкөндөн кийин мектеп куруу тууралуу тендер жарыяланыш керек болчу”, - дейт мурдагы министр.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий