• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздигинен улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%га кыскарды

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кургакчылык жана сугат суунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% гектарга аз жана 285 миң тоннага жакын же 52% га аз дан бастырылды.

Ушул жылдын 23-июлуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү

Нет описания.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы - 41,4%га, арпа - 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 31,2%га, картошка - 6,3%га жана бакча өсүмдүктөрү - 3,5%га кыскарды.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8,2%) олуттуу өскөнү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий