• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз футболуна 100 жыл. Садыр Жапаров атаандашынын дарбазасына эки гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылууда.

Учурда өнөр адамдарынан турган “Өнөр” командасы менен КР президенти Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын өкүлдөрүнүн командасы оюн алып барууда.

Эки команда ортосундагы оюн 2:2 эсебинде аяктады.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки топко бөлүнгөн:

А тобу:

- Алга;

- Бизнес-коомчулугу;

- ЖМК.

В тобу:

- Президенттин администрациясы;

- Федерация;

- Өнөр.

Пикир

Оставить комментарий