• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21./Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук футбол оюну өттү.

Иш-чара Кыргыз футбол союзунун демилгеси менен уюштурулган.

Мелдештерге 6 команда катышты, анын ичинде Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду маданият ишмерлеринин «Өнөр» командасы ээледи.

Экинчи орунду футбол ардагерлеринин «Алга», ал эми үчүнчү орунду Мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган Президенттин Администрациясы ээледи.

Мамлекет башчысы оюндун жыйынтыгын чыгарып жатып, мелдештер достук жагдайда өтүп жана ар бири өз күчүн, тажрыйбасын көрсөтө алганын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, оюндун катышуучулары бул мелдештерди жакшы салтка айлантып, жылына эки жолу — май жана декабрда, аны менен катар башка тармактардын да катышуусунда өткөрүүнү сунушташты. Сунуш турнирдин бардык катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

Оюндун жыйынтыгы менен төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

  1. «Достук мелдешинин дебютанты» Кудайберген Базарбаев — Президенттин Администрациясы командасы
  2. «Достук мелдешинин аксакал оюнчусу» Владимир Орешин — «Алга» командасы (75 жаш)
  3. «Достук мелдешинин мыкты күйөрманы» Абыл Тагайболотов (11 жашта)
  4. «Достук мелдешинин команданын эң мыкты жетекчиси» Борис Подкарытов — «Алга» командасы
  5. «Достук мелдешинин эң кооз голу» Канат Шабданбаев — Федерациялар командасы
  6. «Достук мелдешинин Fair play командасы» — Журналисттер командасы
  7. «Достук мелдешинин мыкты дарбазачысы» Камчы Сарыбаев — «Өнөр» командасы
  8. «Достук мелдешинин мыкты чабуулчусу» Максат Ишенбаев — Бизнес командасы
  9. Мыкты бомбардир — Президент Садыр Жапаров
  10. «Достук мелдешинин мыкты оюнчусу» Канатбек Сейталиев — «Алга» командасы.

Андан соң, «Алга» футбол командасынын ардагерлери Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго эстеликке сувенир — колтамгалары түшүрүлгөн топту белек кылышты.

Президент Садыр Жапаров 1 млн сом өлчөмүндөгү байге фондун бардык командалар бир добуштан Токмок шаарындагы балдардын үй-интернатына өткөрүп берүүнү чечишти.

Мелдеш катышуучуларына эстеликке белектер жана сертификаттар тапшырылды. Жеңүүчү команда Кубокту алды.

Пикир

Оставить комментарий