• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан — Афганистан беттешиндеги окуя: CAFA чечим чыгарды

Спорт 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун алган окуя боюнча чечим чыгарды.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.

CAFA чечимине ылайык:

  • Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;
  • Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Афганистандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;
  • Афганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).

Пикир

Оставить комментарий