• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан Израиль менен Палестинаны согуштук аракеттерди токтотууга чакырат

Саясат 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат.

Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз".

Пикир

Оставить комментарий