• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен РФнын Свердлов облусунун ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 4-апрелде, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы консул менен министр Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты.

Жолугушууда кыргыз-орус аймактар эл аралык мамилелер, анын ичинде Кыргызстанменен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Тараптар үстүбүздѳгү жылы боло турган иш-чараларды кеңири талкуулап, аларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда учурдагы маселелер жана алдыда боло турган иш-чаралар боюнча өз ара активдүү аракеттенүүнү улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий