• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Асеин Исаев Нью-Йоркто өткөн БУУнун саясий форумунда сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Нью-Йоркто БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форума катышты.

ТИМден билдиришкендей, ал Саясий форумдун министрлер сегментинде сөз сүйлөп, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, Туруктуу өнүгүү боюнча 2023-жылга карата отчетуна ылайык, 166 мүчө-мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин айтып, бул натыйжаларга өлкөнүн акыркы жылдардагы ийгиликтүү экономикалык саясатынын аркасында жетишилгенин белгиледи.

Ошондой эле кыргыз делегациясы президент Садыр Жапаровдун дүйнө коомчулугуна экологиялык маселелер боюнча, атап айтканда дүйнөдөгү экологиялык кырдаалды биргелешип жакшыртуу максатында тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу сунушуна өзгөчө көңүл бурду.

Исаев Эл аралык платформада тоо күн тартибин илгерилетүү алкагында 2023-жылдын 19-июлунда БУУнун алкагында Кыргызстан “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргеликте иштелип чыккан Глобалдык аракет планын сунуштады.

Мындан тышкары, ал БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун өнүктуруү программасынын Чыгыш Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович, ошондой эле Австрия, Андорра, Япония, Непал жана Италиянын жогорку өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тоо күн тартибин биргелешип жылдыруу жана климаттын өзгөрүшү жаатында мамлекет башчынын демилгесин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий