• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 17-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 17-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас облусунда +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +6…+11, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын облусунда -2…-7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +7…+9 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий