• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тоңдо балык уулоого кеткен эки жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Тоңдо балык уулоого кеткен эки жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-декабрда саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Кажи-Сай айылынын тургундары 1948-жылы туулган М.Ю.М жана 1965-жылы туулган А.А.А. аттуу жарандар балык кармоого чыгып дайынсыз болууда деген маалымат келип түшкөн.

Жерине 7 куткаруучу, РИИБден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 киши тартылган. Саат 18:00гө чийин издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 17-декбарда издөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий