• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирешти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Анын ичинде Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө “Шашлычная" ашканасынын 60 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы Жазданбаев көчөсүндө сарайдын ичиндеги 900 түк чөп жана сарайдын сыртындагы жыйылган 120 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий