• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда автордук сыйакылардын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 23,4% өстү

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда автордук сыйакылардын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 23,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, отчеттук мезгил ичинде чогултулган автордук сыйакылардын суммасы 16 358 864 сомду түздү, бул былтыркы жылдын ошондой эле мезгилиндегиге салыштырмалуу 23,4 пайызга көп. 2022-жылы чогултулган сумма 13 256 560 сомду түзгөн.

Ошондой эле отчеттук мезгилде Кыргызпатент тарабынан республикалык бюджетке келип түшкөн акча каражаттардын суммасы 160 млн 453 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга өстү. 2022-жылдын 11 айында бул сумма 136 млн 235 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын жана 2022–2026-жылдарда Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын негизинде жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий