• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 242 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-августка карата коронавирус дагы 242 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 81, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 71, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусу - 15 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 526 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 577 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 594 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 428 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 473 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий