• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында аянты 12 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий