• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Россияда каза тапкан мекендештердин сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Россияда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү үчүн КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан эртең менен саат 9:10до учат.

КР ӨКМден кабарлашкандай, куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот. Саат 12:10до мекендештердин сөөгүн алып, Ульяновскиден Кыргызстанга учуп чыгат.

Ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгүн Ош шаарынын аэропортуна алынып келинмекчи.

Ошондой эле ал жактан мекендештерибиздин сөөктөрүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан алдын ала маалыматка караганда, 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, үч киши медициналык мекемеге жаткырылды.

Кыргызстанда эртең, 23-август жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий