• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Нарын облусунда — 1 жана Чүй облусунда — 2 өрт катталган.

Алсак, Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев көчөсүндө кароосуз калган имараттын болжол менен 200 чарчы метр шыбы жана чатыры күйгөн.

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Көкчө-Көз айылында жалпы аянты 60 чарчы метр эки кабаттуу тунуке менен жабылган сарай, 500 боо жүгөрү сабагы, 300 түк чөп толугу менен күйүп кеткен.

Баткен облусуна караштуу Баткен районундашы Бужум айылында турак үйдүн 65 чарчы метр шыбы, ички жасалгасы жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий