• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан жети бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 15-21-март аралыгында коронавирустан жети адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкек шаары жана Чүй облусунда катталган:

Анын ичинде:

Бишкекте – 4;

Чүй облусунда – 3.

Өткөн аптада дагы COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген жети учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 2 миң 980 адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий