• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу керлинг боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Бишкекте 30-мартта биринчи жолу керлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Чемпионат "Локомотив" муз комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн ар бир облусунан тандоо этаптарынан ийгиликтүү өтүп, беш командага бөлүнгөн чоңдордон турган спортчулар аралаш жуптарда (кош микс) катышат.

Иш-чара кёрлингге спорттун түрү катары коомчулуктун көңүлүн буруу, аны өнүктүрүү жана жаштар арасында жайылтуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий