• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бизнес жана адам укуктары боюнча улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда Бишкекте мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн жана кызыкдар тараптардын катышуусунда “Кыргызстандагы бизнес жана адам укуктары боюнча улуттук базалык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары” деген темада тегерек стол өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тегерек столду министрлик “Адилет” укуктук клиникасы менен биргеликте ПРООНдун каржылык колдоосунда өткөрдү.

БУУнун жетектөөчү принциптерин компаниялардын практикасына киргизүү, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекетке жана бизнеске чоң пайда алып келиши мүмкүн, мисалы:

- өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда;

- мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун өнөктөштүк мамилелерин калыптандырууда;

- ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жагымдуулугун жогорулатууда;

көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүдө;

- сапаттуу жумуш орундарын түзүүдө;

- ички жана тышкы миграция маселесин чечүүдө;

- калктын аярлуу катмарларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги “Адилет” укуктук клиникасы менен биргеликте долбоордун максаттары үчүн бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга киришти.

Пикир

Оставить комментарий