• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте жүргүнчүлөрдүн жеңилдетилген жол жүрүү карталарын колдонуусу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн пенсиялык күбөлүктөрүн текшеришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кээ бир жүргүнчүлөр каза болгон жакындарынын пенсия картасын, мектеп окуучулары чоң ата, чоң энесинин пенсия картасын, ал эми кээ бир ата-энелер мектеп жашындагы балдарынын картасын мыйзамсыз колдонуп келишет.

Жалпысынан рейд учурунда жеңилдетилген жол жүрүү карталарын колдонуу эрежесин бузган 10дон ашык жүргүнчүлөр аныкталды. Алардын жол жүрүү карталары алынып салынды.

Пикир

Оставить комментарий