• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда көмүртектүү нейтралдуулуктун узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу процесси башталды

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. БУУнун Өнүктүрүү программасы жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги биргелешип "Климаттык убада. 2-фаза" алкагында 2050-жылга чейин көмүртектүү нейтралдуулуктун узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу процессин баштады.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, жарандык коом уюмдарынын, илимий чөйрөнүн, жеке сектордун жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, жаштар жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Белгиленгендей, 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралитетинин узак мөөнөттүү стратегиясы бул эмиссиянын аз, климатка туруктуу экономикалык өсүүсүн караган улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн келечекке багытталган планы жана стратегиясы. Улуттук деңгээлде аныкталган салым (УДАС) менен тандемде көмүртектин бейтараптыгы стратегиясы улуттук саясатты Париж макулдашуусуна ылайык келтирүү үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдүн көлөмүн аныктоого, артыкчылыктарды жана зарыл шарттарды аныктоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий