• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда кайсы аба каттамдары ачылат – келечекке пландар

Коом 0

Бишкек, 12.12.19 /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы убакта жаңы аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жолдор жана транспорт министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов билдирди.

Ал белгилегендей, бул жылдын жыйынтыгы менен бир катар эл аралык аба катамдар ачылган: "Кувейт - Ош", "Алматы - Ош", "Алматы - Бишкек". Жайкы туристтик мезгилде "Ташкент - Тамчы" аба каттамы жандандырылган.

"Жаңы каттамдарды ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Алдыда "Екатеринбург - Ош - Стамбул", "Екатеринбург - Бишкек - Прага" каттамдарын ачуу пландалууда. Ноябрдын аягында Түркмөнстан менен сүйлөшүү болду. Жолугушууда Бишкек менен Ашхадабдын ортосунда жана андан ары Кыргызстан аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга ж.б. өлкөлөргө кете турган аба каттамын ачуу маселеси талкууланды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий