• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда нандын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда нандын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

"2023-жылдын 8-сентябрындагы "Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу" токтомуна ылайык, социалдык мааниге ээ нанга жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Жөнгө салуу кызматынын кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу ундан жасалган (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" 2023-жылдын 3-октябрында №129 буйругу чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий