• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Билим 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат, ошондой эле мектеп каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө" буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргызстандагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

- күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 13-ноябрда башталат;

- кышкы каникулдар - 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат;

- жазгы каникулдар - 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 1-апрелде башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Пикир

Оставить комментарий