• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык 6 спортчу бокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Бокс боюнча улуттук курама команда 22 жашка чейинкилер арасында өтө турчу Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Чемпионат 20-30-январь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Курама команда аталган чемпионатка төмөнкү курамда катышат:

1. Анвар Ходжиев, 48 кг;

2. Санжар Сейдакматов, 54 кг;

3. Нурадин Рустамбек уулу, 71 кг;

4. Өмүрбек Бекжигит уулу, 80 кг;

5. Бакыт Токтосун уулу, 86 кг;

6. Рустам Ырысбек уулу, 92 кг.

Пикир

Оставить комментарий