• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы CAFA мелдешине даярдык көрө баштайт

Спорт 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы тарыхта биринчи өтө турган CAFA Futsal Cup-2023 мелдешине даярдыктын алгында Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жыйынга 16 талаа оюнчусун жана 4 дарбазачыны чакырды.

Футзал ассоциациясынан кабарлашкандай, машыгуулар 9-июлда башталып, 21-июлга чейин уланат.

Эске салсак, CAFA Futsal Cup-2023 мелдеши Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында 23-30-июль күндөрү өтөт. Аталган турнирде Кыргызстандын курамасы Иран, Афганистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан командалары менен оюнда кез келет.

Пикир

Оставить комментарий