• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футзалчылары II КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча U-19 жаштар курама командасы II КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына катышат.

КР Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, оюндар 5-13-август күндөрү Минск шаарындагы "Уручье" спорт ордосунда өтөт.

Курама команда Келкел Анарбековдун жетекчилиги астында аталган мелдешке 23-июлдан тарта Бишкекте даярдык көрө баштайт.

КМШ өлкөлөрүнүн оюндары - бул КМШга мүчө болгон мамлекеттерде эң популярдуу спорттун улуттук түрлөрүн, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүн камтыган дене-тарбия жана спорт тармагындагы туруктуу иш-чара.

Пикир

Оставить комментарий