• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү эки айда $1,7 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-февралында Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,7 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган көрсөткүч 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 22,7 пайызга көбөйгөн, мында экспорттук жөнөтүүлөр 2,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,2 пайызга өстү.

"2023-жылдын январь-февралында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 млн.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,0 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 18,6 пайызга кыскарды", - деди ал.

Жумалиев 2023-жылдын январь-февралында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6 пайыз) жана Казакстанга (35,5 пайыз) туура келгендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий