• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга 111 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек автожолу” бекетине жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ири мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташып кирүү аракеттерин аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 111 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) берилди.

Пикир

Оставить комментарий