• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнын кызматкерлери 28-февралда жүргүнчү ташыган унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында Кызыл-Кыя шаардык ЖТАУМде кичи автобустарга комплекстик жана контролдук текшерүү өткөрүштү. "Анда техникалык абалдары оң эмес унаалардын айдоочуларына Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Андан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автобекеттерге барып айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий