• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыяда алыскы сапарга чыккан унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында алыскы сапарга чыккан автоунаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сууп, аба ырайынын өзгөрүшүнө карата Кызыл-Кыя шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери автобекеттерге барып айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анткени, Кызыл-Кыя шаары Кадамжай, Ноокат, Араван райондору менен чектеш болгондуктан жарандардын көпчүлүгү соода-сатык кылуу үчүн Кызыл-Кыя шаарына келет. Буга байланыштуу шаарга унаалар көп каттайт.

Ошондуктан жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери кыш мезгилине карата автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырууну, жол эрежелерин сактоону талап кылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин күн сайын жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын январь-февраль айларында шаар аймагында 8 жол кырсыгы катталып, 12 адам ар кандай жарааттарды алган.

Пикир

Оставить комментарий