• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыядагы сел. 105 үй жана 5 социалдык имарат толук тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнь саат 10:30га карата Кызыл-Кыя шаарында сел калдыктарынан тазалоо иштери дээрлик аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы саатка алынган маалымат боюнча, жалпы 105 үй жана 5 социалдык имарат толугу менен тазаланып бүттү.

"Нөшөрлөгөн жаандан улам шаар аймагында жалпы 224 объектке сел суулары кирген , анын 83ү турак үй, 47 жертөлө, 87 огород участкалары жана 7 социалдык объект", - деп айтылат маалыматта

Тазалоо иштерине бүгүн да ӨКМден 102 куткаруучу жана 4 техника, 5 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан, кесиптик лицейлерден 110 ыктыярдуу куткаруучулар менен кошо 8 техника тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 18-июнда катуу жааган жаандан улам Кызыл-Кыяда сел жүрүп, шаарга "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий