• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лебединовка айылындагы жол кырсыгынан бирөө каза болуп, беш адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.20./Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Ленин-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 жана Honda Accord автоунаалары кагышкан. Кырсык 13-сентябрда болжол менен саат 20:14тө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын натыйжасында бир эркек киши каза болуп, беш жүргүнчү жабыркаган.

Жерине келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий