• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Лейлекте суу каналдын ичинен гранатометтун эки снаряды табылган

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда суу каналдын ичинен гранатометтун эки снаряды табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 10-январда Лейлек районунун Исфана шаарында орун алган УКМКнын чек ара кызматынын кызматкери Интернационал айылына жакын жердеги талаадан жергиликтүү тургундар снаряд таап алышканын маалымдаган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, текшерүүдө “Козу-Баглан” суу каналынын ичинен РПГ-7В үлгүсүндөгү гранатометтун эки снаряды табылган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аскер бөлүктүн саперлору менен биргеликте жардыруу иштерин жүргүзүшкөн.

Жарылган түзүлүш боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий