• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бильярд клубунун кассасынан акча уурдаган жаран кармалды - Күзөт кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукту алдын алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-мартында Ленин райондук күзөт бөлүмү тарабынан борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу кайтарууда турган Бишкек шаарындагы бильярд клубдарынын биринен саат 03:36 чамасында “айгай” белгиси берилген. Андан соң бөлүмдүн №461 ыкчам кармоо тобунун экипаж улугу Б. Кожобеков, автоматчысы У. Капаров жана айдоочусу У. Жумабаев тез арада жетип, жогорудагы бильярд клубун курчоого алышкан.

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кароо жүргүзүү учурунда белгисиз азиат улутундагы жашы болжол менен 30-35 жаштагы кылмышка шектүү жаран мекеменин ичинен чыгып качып кетүүгө аракет кылган жеринен кармашкан.

Териштирүү учурунда кармалган жаран Нарын облусунун тургуну 1989-жылы туулган К.Т. экендиги аныкталды. Ал бильярд клубунун кассасынан акча каражатын уурдагандыгы аныкталып, андан соң Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын 1-ШМБна жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий