• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 6,7% төмөндөдү

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,4 % түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүгүү статистикасы башкармалыгынын бөлум башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Ал мындай көрсөткүчтөр шаар тургундарынын арасында жакырчылыктын төмөндөшү менен шартталганын белгиледи.

“Кеп Бишкек , Ош жана Жала-Абад шаарларынын тургундары тууралуу болууда. Жакыр үй-бүлөрлөрдүн саны 1,5 млн болсо, алардын 74% пайызы айыл жергесинде жашашат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий