• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Максутов Кемин райондук элдик театрынын жана "Ак Саамай" ансамблинин эмгек жамааты менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кемин райондук элдик театрынын артисттери жана Сокулук райондук "Ак Саамай" фольклордук ансамблинин чыгармачыл жамааты менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу фольклордук ансамблдин чыгармачылыгын угуу жана элдик театрдын репертуары менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.

Министр өз сөзүндө аталган эки жамаатка чыгармачылыкты жандандыруу боюнча иштерди жүргүзүү керектигин айтып, жакында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бул багытта оптималдаштыруу жүрө тургандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий