• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Макулдук кат, айыл чарбага жараксыз жер. Жер мунапысынын жол-жобосу

Коом 0


Бишкек, 20.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын башчысы Адилет Расулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө айтып берди.

Анын маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-апрелинде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, 31-майда министрлер кабинетинин токтому менен жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

“Ага ылайык, жер мунапысына каралган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган укуктук-ченемдик акт түзүлгөн. Жер мунапысынын объекттилерине төмөнкүлөр кирди:

  1. 2021-жылдын 1-декабрына чейин өз билемдик менен үй куруп алгандар жана курулушу бүтө элек жарандар,
  2. суугат айдоо жерлерин башка категорияга которууга (трансформациялоого) мараторий киргизгенге чейин, тактап айтканда, 2019-жылга чейинки айыл өкмөтүнүн которуу чечимдери барлар,
  3. айыл чарбага жараксыз жерлер,
  4. багбанчылык жер тилкелери,
  5. “кызыл китепти” алгандар”, - дейт ал.


Расулов жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2023-жылдын 29-мартында өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады.

“Анда мунапысты жүргүзүүдөгү айрым корутундулар алынган. Ошондой эле токтомдун 27-пунктту алып салынды. Ал пункт Конституцияда менчик укугу боюнча бекиген жана башка мыйзам менен корголот. Бул жактан эч ким чектөө койгон жок. 29-пунктка дагы өзгөртүүлөр киргизилген: райондук комиссия түзүлүп, жарандардын арызынын негизинде корутундусун чыгарарда бир нерсени эске алат. Жер тилкеси башка кишиге бекиген болсо, 29-пункттун негизинде которуп, трансформациялап, айыл өкмөтүнө жиберет. Айыл өкмөтү тарабынан жер тилкесинин биринчи менчик ээсинин макулдук каты суралат. Кат жок болсо, токтом чыгарып, мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтөт. Алар макулдук катынын жоктугунан үчүнчү графага өзгөртүүнү киргизип, чектөөнүн (обременение) негизинде мамлекеттик актыны берет. Менчик укук сакталганына байланыштуу чектөө киргизилет, ал ээсинин макулдугу менен же сот тарабынан гана алынат”, - деди ал.

Адилет Расулов жер мунапысы боюнча жалпы 90 миңден ашык арыз түшкөнүн белгилеп, 350 гектардан ашык жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) берилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий