• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мамкурулуш жыл башынан бери 253 шайкештик сертификатын берди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын үч айында Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” борборунун лабораториялары 253 шайкештик сертификатын берди Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” республикалык борборунун аккредитацияланган лабораториялардын адистери тарабынан 2022-жылдын 3 айында курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 2 639 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү.

Анын ичинен: курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 397 сертификациалык сыноолор жүргүзүлдү, номенклатура боюнча: болот арматуралары, жол курулушунда колдонулуучу материалдар, бетон аралашмалар, темир бетон буюмдары жана конструкциялар үстөмдүк кылат; 2 240 көзөмөлдөө жана 2 жеринен сыноолор жүргүзүлдү, номенклатура боюнча: майда дандуу оор бетондор, темир-бетон буюмдар жана конструкциялар, топурактар, арматурадан камтылоо буюмдар, темир-бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура тутумдар үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жалпысынан 253 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 84 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 137 – республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ичинде ѳз каалоосу менен ыктыярдуу түрдө сертификаттоо боюнча – 36 ш/с берилип, 53 мекеме 183 ченемдик документтер менен камсыз болуп, 22 инженердик-техникалык жумушчу квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий