• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мамлекеттик тил боюнча республикалык илимий-практикалык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.11.17 /Кабар/. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте 2017-жылдын 30-ноябрында “Мамлекеттик тил боюнча улуттук программа билим берүү мекемелеринде: аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын” жалпы билим берүүчү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги ЖОЖдордо ишке ашуусу ж.б. маселелер тууралуу сөз болот.

Конференция өтүүчү жай: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, башкы окуу имараты, чоң жыйындар залы, Фрунзе кѳчѳсү 547.

Пикир

Оставить комментарий