• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо чечимин кабыл алды.

Мындай кадам “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын аткаруу максатында өтөт.

Буйрукка ылайык, үч айлыктын алкагында министрликке караштуу бардык мекелерге иш кагаздарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү, улуттук үрп-адат, каада-салттарга (бабалар мурасы, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмөлөрдү уюштуруу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мамлекеттик тилдеги спектаклдерди коюу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмаларды жана Ч. Айтматов жөнүндө тартылган даректүү тасмаларды республика боюнча кинотеатрларда көрсөтүү, көркөм окууларды жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу, министрликке караштуу окуу жайларда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган материалдарды маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу жана социалдык пакетке кошулган телерадио компанияларында көрсөтүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий