• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 20.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жазылат.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 55 кг салмакта алгач швециялык спортчуну утуп, чейрек финалга өткөн. Анда мекендешибиз 1:2 эсебинде италиялык спортчуга утулуп калган. Бирок италиялык кыз мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жуманазарова көңүл жубатарлык беттеш өткөрүүгө мүмкүндүк алган.

Бул кармашта кыргызстандык спортчу 15:4 эсебинде шри-ланкалык кызды жеңип, коло үчүн күрөшүүгө чыккан. Үчүнчү орун үчүн күрөштө Жуманазарова польшалык Ева Патрисияны 9:4 эсебинде жеңип алды.

Сезим Жуманазарованын эжеси Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.

Эскерте кетсек, Калмира Билимбек кызы (55 кг) аталган чемпионатта күмүш медаль жеңген. Ал эми Мухаммад Абдуллаев жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий