• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министр Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес

Ден соолук 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес. Бул тууралуу коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери россиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Жыйында белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары таанып, бир катар өлкөлөр Кытай менен аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизди.

Пикир

Оставить комментарий