• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ММКФ жеке клиникаларда гана медициналык жардам алган жарандардын билдирүүсүнө жооп берди

Ден соолук 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга чакырат.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева медицналык кызматты жеке клиникалардан гана алган жарандардын билдирүүсүнө жооп берди.

"Миз каалаган жерде медициналык кызматтарды алууга укуктуусуз, бирок ошол эле учурда мамлекеттик кызматтардын деңгээли жеке кызматтардан кем калбашы үчүн биз бардыгын жасоого аракет кылып жатканыбызды белгилегим келет. Биз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга чакырабыз, анткени бул ден соолук үчүн келечекке салым", - деди Өскөмбаева.

Пикир

Оставить комментарий