• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нью-Йоркто 11 мамлекеттин өкүлүнүн катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгү Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан биргелешип уюштурган Нооруз майрамына катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана БУУнун 78-сессиясынын төрагасы Д.Франсис куттуктоо сөздөрүн айтышып, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Уюштуруучу 12 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш-чарада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Ноорузду майрамдоо тууралуу кыскача видеороликтер көрсөтүлүп, чɵлкɵмдүн инструменталдык музыкасы, улуттук даамдар тартууланды.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Нооруздун кыргыздар үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, ошондой эле аны Кыргызстанда майрамдоо салттары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий