• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Наристе” фестивалы. Бишкекте этностордун мурастарын сактоого арналган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Балдар искусство мектебинде “Этностук топтордун мурастарынын маданиятын кайра жаратуу, сактоо жана жеткирүүнүн заманбап технологиялары: тажрыйба, көйгөйлөр, келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара “Кыргызстандагы Дельфий оюндарынын евразиялык борбору” долбоорунун жана “Наристе” III эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында өттү.

Презентация менен Саха, Тыва, Казахстан, Башкортостан, Индиянын өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чыгышты .

Бардык конокторду Кыргызстандын Дельфий комитетинин Аткаруу комитетинин төрагасы, эл аралык Дельфий комитетинин байкоочусу Татьяна Масиевская тосуп алды.

Конференцияга топтордун жетекчилери жана ардактуу коноктор да катышты.

Пикир

Оставить комментарий