• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын районунун Оттук айылында китепкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук айылында китепкана ачылды. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китепкана КР министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын каржылоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору тарабынан курулган.

Китепкананы ачуу аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, агенттиктин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Буга чейин айылда китепкана болгон эмес. Китептер жергиликтүү клубдун бир бѳлмѳсүндѳ жыйналып турчу. Эми, окурмандардын саны ѳсүп, китепкана жаштардын маданий очогу болуп калат деп ишенебиз.

Объекттин жалпы суммасы 5 989 332 сомду түзөт. Анын ичинен, Дүйнѳлүк банк бөлгөн каражат 5 668 575 сом, айылдык аймагынын коомчулугунун ѳздүк салымы 320 757 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий