• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Некролог — КРнын мурдагы судьясы Дуулатбек Бекишов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мурдагы судьясы Дуулатбек Бекишов дүйнө салды, - деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Жогорку сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери мурдагы судья Бекишов Дуулатбек Бекишовичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бекишов Дуулатбек Бекишович 1958-жылдын 28-декабрында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган.

1978-1983-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамалекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган.

1983-1986-жылдары Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү болуп эмгек өтөгөн. Андан соң 1987-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы болуп эмгектенген.

1987-1991-жылдары Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун орун басары болуп иштеген. Андан кийин 1993-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы кызматын аркалап келген.

1993-жылдын апрель айынан баштап ушул эле жылдын августь айын чейин Нарын облусундагы прокуратурада прокурордун улук жардамчысы болгон. Ал эми 1996-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмүнүн улук референти болуп эмгек өтөгөн.

1996-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунда судья, андан кийин 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми 2015-жылдын апрель айына чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы, судья болгон.

Сот тутум туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Пикир

Оставить комментарий