• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокенде денеге оор залал келтирген жаран камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Ноокенде денеге оор залал келтирген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылынын тургуну 1988-жылы туулган О.Ж.ду ажырашып кеткен аялы Г.М.нын азыркы жолдошу "С." пикир келишпестиктен таш менен башына уруп, денесине жарат келтирген.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып, керектүү материалдар чогултулуп алынган.

Аталган факт Ноокен райондук милиция бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу менен айыпталуучу кызганычтан улам мурдатан чырдашып жүрүшкөнү белгилүү болгон.

Г.Мусаева көрсөтмөсүндө мурдагы күйөөсү О.Ж.дан өз ыктыяры менен учурдагы жашап жаткан жолдошу А.у.С.га кетип калгандыгы, аны эч ким зордоп алып кетпегендигин билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча О.Ж.нын жараты соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "оор" дене жараты деп табылган.

Ошентип, кылмыш иши КР КЖКнин 130-беренесине ("Ден соолукка оор залал келтирүү") квалификацияланган.

Шектүү Ноокен РИИБдин Тергөө кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициядан кошумчалагандай, шектүүнүн иниси А.у.Ш. дагы Тергөө кызматына камсыз кылынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий